Кечээ, 14-сентябрь Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы бала бакчалардын, мектептердин жана кесиптик окуу жайлардын жаңы окуу жылына даярдыгы менен таанышышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министр шаардагы №7 кесиптик лицейдин жатаканасын текшерип чыккан соң имаратын кеңейтүү, студенттер үчүн тигүү цехин жана техникалык тейлөө станциясын ачуу аркылуу кошумча финансылык булактарды табуу сунуштарын айтты.
Андан соң Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда жетекчилер окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, оңдоо иштери менен таанышып чыгышкан.
Ушундай эле жолугушуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында бардык мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Жолугушууда райондогу айрым мектептердин спорт залын оңдоо, кенже кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу ж.б. маселелер козголду.
Министр бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунда иш сапарын улантууда.