Ысык-Көлдө өрт кырсыгынан 4 жана 6 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-сентябрда Түп районунун Сары-Булуң айылынын Жаштык көчөсүндө турак үйдүн коросундагы чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
“Жерине Түп районунун №34 өрткө каршы бөлүмүнөн бир бөлүмчө тартылып саат 15:00 дө чектөөгө алып 17:45де толугу менен өчүрүлдү. Өрт кырсыктын кесепетинен бир кыз, бир жаш өспүрүм бала каза болгон, алардын бири 2017-жылы, ал эми экинчиси 2015-жылы туулган. Жалпысынан 600 түк чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда”, — деп берилет маалыматта.