Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 2020-жылдын октябрь айында орун алган Бишкектеги баш аламандыкка байланыштуу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Курсан Асанов кечээ, 14-сентябрда суракка чакырылып андан соң кармалган.
ИИМдин Тергөө кызматы КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 309-беренесинин (Бийликти күч менен басып алуу) негизинде кармалып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Ушуга байланыштуу, Курсан Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.