Бүгүн, 15-сентябрь өлкөдө окуу жылы ачылды. Дээрлик бир жарым жылдан бери пандемияга байланыштуу толук кандуу иштебей жаткан мамлекеттик бала бакча, мектеп, ЖОЖдор бүгүндөн тартып, толук иштей баштады.
Деген менен коронавирус өлкөдө толук жок болуп кеткен жок. Акыркы бир суткада 82 адамдан жаңыдан вирус жуктуруп алганы аныкталган. 15-сентябрга карата COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болуп, 117 адам илдеттен сакайып чыккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 33, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусу – 3 адамдан илдет табылган.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 603 бейтап, амбулатордук түрдө 978 адам дарыланууда.