Бишкекте каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин маалымдалгандай, 4-сентябрда Бишкек ШИИББинин «102» кызматына «Ала-Тоо» аянтында чет элдик жаранды тоноп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.
Пакистандык жаран “А.А.” 4-сентябрда болжол менен саат 20:00 чамасында Ала-Тоо аянтында жүргөн учурда жанына 20-25 жаштардагы балдар келип анын iPhone жана 800 долларын күч менен тартып алышкан.
Биринчи Май Райондук РИИБнин ыкчам кызматкерлери тоноочулукка шектүүлөрдү кармашты. Алар 2001-жылы туулган “М.И.” жана 2002-жылы туулган “Х.У.” экени аныкталды. Шектүүлөр ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.