7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектептерде коронавирус илдетине каршы кандай аракеттер көрүлөт? Мэриядан жооп

714

Коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу максатында ар бир окуучунун дене табы текшерилет. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда брифингде Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын административдик-укуктук бөлүмүнүн башкы адиси Чынара Исакова билдирди.

Анын айтымында, бардык билим берүү мекемелеринде медициналык пункттар бар, ар бир мектепке дайындалган дарыгерлер жана медайымдар иш алып барышат.

«Кирүү чыпкалары мектептердин фойелеринде уюштурулган. Ал жерден күн сайын кезек менен окуучулардын, мектеп кызматкерлеринин абалын аныктап турушат жана көзөмөл журналына түшүрүлүп турат.  Бет кап тагуу талап кылынат. Колду дезинфекциялоочу каражаттар коюлуп, бөлмөлөр желдетилип турат», — деди Исакова.

Мектептердин окуу жылына болгон даярдыгын мэриясынын атайын комиссиясы текшерип чыккан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715