Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-сентябр кол койгон жарлыкка ылайык, Абдижалил Тимур Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды.
Ачык маалымат булактарында ал тууралуу тап-такыр маалымат жок. Мурда кайда иштегендиги, ким экендиги белгисиз. Бирок, «Кактус» медиа аны УКМК төрагасынын мурдагы орун басары (2005-2006 ж) Абдижалил Жамаловдун уулу деген версиясын жазган.
Президент кечээ, дагы бир жарлыгы менен Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы башкы консул Орусбаев Искендер Абдыкадыровичти кызматынан бошотуп, ордуна Эргешов Хомени Байсалбековичти дайындаган.
Ачык булактарда анын да сүрөтү же ал жөнүндө маалымат жок. Болжолдуу ишкерлик менен алектенип жүргөнү айтылат. Ошондой эле Хомени Эргешов Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Байсал Эргешовдун иниси экендиги айтылат.