7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр жана депутат спортчулар менен жолукту

344

26-декабрда, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Ормонов менен бирге Спорттук-реабилитациялык борборго барып, борбордун эмгек жамааты, спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов жана алардын машыктыруучулары менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Жолугушууда Кыргызстанда спорттук медицина кызматын жакшыртуу боюнча көйгөйлөр жана аракеттер талкууланды.

«Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоо медицинасынын борбору» мамлекеттик ишканасын түзүү маселеси көтөрүлүп жатат. Кеп чоң спорт жана 2500 спортчуну тейлөө үчүн ишкана түзүү боюнча жүрүп жатат, анын штаттык бирдиги 26 кызматкердикамтыйт, ал эми бирге Спорттук-реабилитациялык борбордун базасында 24 миң спортчу жана дене тарбия жана спорт менен алектенген адамдар каттоосунда турат — булар Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагыспорттун ар кандай түрлөрү боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектептери, Чуркоо клубу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, сергек жашоого үндөгөн борбор калаанын тургундары. Бүгүнкү күндө борбордо 146 медицина кызматкери иштейт.

Айсулуу Тыныбекова дагы азыркы иштеп жаткан спорттук реабилитациялык борборду жоюунун туура эместигине токтолду. «Азыр биз бул борборду жоюу маселеси чыгып жатканына күбө болдук, бул биз үчүн күтүүсүз болду. Анткени бул Кыргызстанда жалгыз гана Улуттук курама команданын спортчулары эмес, дене тарбия жана спорт менен алектенген балдар жана бардык мектеп окуучулары медициналык кароодон өткөн жалгыз борбор. Балдар биздин келечегибиз! Алар биздей чемпион болууга умтулушат, ошондуктан бул борбор аларга керек. Эгерде алар спортчуларды даярдоо үчүн жаңы клиника же борбор курабыз десе, бул башка маселе, бирок азыркы спорттук-реабилитациялык борборду жоюу маселеси болбошу керек. Борборду сактап калуу жана тескерисинче колдоо керек. Мен 14 жылдан ашык убакыттан бери бул борбордун адистерине кайрылып келем, бул жерде Бактыгүл Насыровна Алиева сыяктуу өз тармагынын кесипкөйлөрү иштешет», — деп белгиледи Айсулуу Тыныбекова.

345