7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: Моргенштерндин концертин токтотконго аракет кылып жатабыз

567

Бүгүн, 16-июнда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында Министр Максүтов Моргенштернди Бишкекке келтирбөө аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Орусиялык рэпер Моргенштернди Бишкекте өтө турган Alga Fest музыка фестивалына катыштырбоо аракети болуп жатат.
Жыйында депутат Алишер Козуев рэпер Моргенштерндин Кыргызстанга келишине каршы экенин билдирип, Алтынбек Максүтов чара көрүүгө чакырды.

“Моргенштерн боюнча иш алып барып жатабыз. Бул боюнча биздин да пикир сиздикиндей эле. Анткени Моргенштернге Орусияда кылмыш иши козголгон экен”-деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-24-июнь күндөрү Alga Fest музыка фестивалы өтөт. Ага жергиликтүү жана чет элдик артисттер катышат. Алардын ичинде орусиялык рэпер Моргенштерн дагы бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

568