7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Өзбекстан, Кытай, Казакстан жана Венгрия менен канча бизнес келишим түзүлгөнүн айтты

337

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2023-жылдын январында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форуму өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 7-декабрда Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле бул мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин экинчи жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында 1 миллиард доллардан ашык суммага келишимдерге кол коюлган.

Министрлер Кабинетинин башчысынын Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча 30 миллион АКШ долларынан ашык суммага 23 документке кол коюлду.

Ал ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путиндин 2023-жылдын октябрь айында Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыктарына токтолду: эки тараптуу 7 документке кол коюлган. «Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасына күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү багытында индикативдик баланстын көлөмүн тактоо маселеси чечилди», — деп кошумчалады министр.

Министрдин айтымында, Садыр Жапаровдун 2023-жылдын май айындагы Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча ар кандай багыттар боюнча 26 документке, ошондой эле 800 миллион евро жана 423 миллион АКШ долларына келишимдерге кол коюлган.

Министрлер кабинетинин башчысынын Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында кытай-кыргыз бизнес форуму өтүп, анда 1 миллиард доллардан ашык суммага келишимдерге кол коюлду.

Өлкө башчынын 2023-жылдын февраль айындагы Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында эки тараптуу 7 документке кол коюлган.

«Сапардын алкагында президенттин катышуусунда кыргыз-венгер бизнес-форуму өтүп, ага Кыргыз Республикасынан жана Венгриядан 150дөн ашык ишкерлер катышып, 50 миллион АКШ долларынан ашык 15 долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлду», — дейт Кулубаев.

2023-жылдын сентябрында министрлер кабинетинин башчысы Казакстанга иш сапары менен барып, иш сапарынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын компанияларынын ортосунда жалпы суммасы 60 миллион АКШ долларын түзгөн 12 келишимге кол коюлган.

 

338