7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр жыйындарды кабинетте эмес, эшикте басып өткөрүүнү сунуштады

397

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев социалдык тармактагы баракчасына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин чуркаган видеосу менен бөлүшүп, толугу менен колдой турганын жазды.

«Толугу менен колдойм! Оштун жетекчиси өзүнүн жеке үлгүсү менен элди ден соолукка кам көрүүгө үгүттөп жатат. Кыймылдаш керек, физикалык активдүүлүктү күчөтүш керек.  Саламаттыкты сактоо министрлиги да, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да чогулуштарды, жыйындарды кабинетте өткөрбөстөн, эшике чыгып, басып талкууга үгүттөйт. «Walk to Talk» демилгеси «Басып талкуулоо» деп которулат. Бул заманбап ыкма.

Жакында эле мен, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжандын саламат сактоо министрлери жана бир топ коллегаларабыз менен Астанада чуркап, дүйнөлүк Ден соолук күнүнө арналган жыйын өткөрдүк» — деп жазды министр.

398