Каракол шаардык мэриясынын жетекчилиги жана башка адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалдык жер тилкесин арзандатылган баада саткан фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма аукцион уюштуруу жолу менен Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин кыргыз жаранына жеке менчикке берип, кийинчерээк ал кымбат жер участогуна алмаштырылган.
Мында Каракол шаарынын мэриясынын кызмат адамдарынын иш- аракеттери тооруктарды өткөрүү жана башка жер участогуна алмаштыруу иштери, мэрдин кызмат ордун ээлеген адам тарабынан жүргүзүлгөн.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча шектүү Каракол шаарынын №23 тергөө абагына камакка алынды.