7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер кабинети дан өсүмдүктөрүн жана кант кызылчасын себүүнү көбөйтүүнү сунуштады

433

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жазгы-талаа иштеринин жүрүшү боюнча Чүй облусунун райондорунун акимдери менен видеоконференцбайланыш режиминде кеңешме өткөрдү.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Айыл чарба министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп, дыйкандарга ар тараптуу жардам көрсөтүүсү зарыл.

«Район акимдери да азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жоопкерчилик алышы керек. Буудайдын, май өсүмдүктөрүнүн жана кант кызылчасынын айдоо аянттарын көбөйтүү маселесин иштеп чыгуу керек. Фермерлерге жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алууда, аларды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоодо, ирригация маселелерин чечүүдө, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингге алууда ар тараптуу жардам көрсөтүү зарыл. Ал үчүн “Агроөнөр жай комплексин насыялоо”, “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоорлоруна катышкан коммерциялык банктар ыкчам иш алып барып, дыйкандын ар бир кайрылуусу көңүл сыртында калбашы керек», — деди ал.

Жыйын соңунда Айыл чарба министрлигине, жергиликтүү бийлик органдарына, профилдик түзүмдөргө дыйкандарды сезондук талаа иштерин жүргүзүүсү үчүн минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо, айыл чарба тармагындагы долбоорлорду өз убагында каржылоо, облустук жана райондук өнүгүү фонддорунан ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үзгүлтүксүз каражат бөлүп туруу тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

434