Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңеш «Министрлер Кабинети жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун биринчи окууда талкуулады.
Мыйзам долбоорунун демилгечи президент, ал эми аны коргоо үчүн Юстиция министри Асел Чыныбаева келди.
Эл өкүлдөрү документ чийки экенин айтып, артка кайтарууну сунушташты. Алсак, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда министрлер кабинети президентке гана баш ийет. Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасын же кайсы бир мүчөсүн дайындоодо Парламент, сунушталган талапкерди 3 ирет колдобой четке какса да Президент дайындап коё алат деген жери бар. Ошондой эле, акимдердин ыйгарым укуктары түз Президентке карагандыктан, Ош, Бишкек шаарларынын мэрлеринен алда канча жогору болуп калганы э өкүлдөрүнө жаккан жок.
Көптөгөн нааразылыктардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгында төмөнкү төрт мыйзам долбоору артка чакырылып, кайра иштеп чыгууга жиберилди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram