7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россия Кыргызстандагы базасы тууралуу айтылган жалган маалыматты ачыктады

1007

Лавров Россиянын Кыргызстандагы базасын Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн АКШга колдонууга сунуштаганы жалган экенин айтты.  Бул тууралуу Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров «Интерфакс» агенттигине берген маегинде билдиргенин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, буга чейин орусиялык “КоммерсантЪ” аталышындагы гезит, Владимир Путин Женевадагы саммитте Жозеф Байденге Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларды колдонууну сунуштаганын жазган.

Ал эми Лавров буга карай “Интерфакс”  агенттигине: «ЖККУнун жамааттык аракет көрүүчү күчтөрүнүн курамына кирген базага америкалыктарды кантип чакыра алабыз? Союздаштарыбызга маалымат бербей, кеңешпей туруп чечим кабыл ала албайбыз», — деп түшүндүрмө берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1008