7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Данияр Амангелдиев америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

12

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Төраганын биринчи орун басары Кыргызстанда  ири инфраструктуралык, энергетикалык, өнөр жай тармагындагы долбоорлор жигердүү ишке ашырылып жатканын белгиледи. Андай долбоорлор, туруктуу экономикалык өсүштүн узак мөөнөттүү булактарын түзүп, өлкөнүн структуралык жаңылануусуна өбөлгө түзөт.

Данияр Амангелдиев аймактагы эң ири демилге катары Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун маанисин өзгөчө белгиледи. Ал белгилегендей, бул долбоор энергетикалык коопсуздукка, өнөр жайды өнүктүрүүгө, электр энергиясын экспорттоону кеңейтүүгө ишенимдүү пайдубал түзөт.

Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун тастыктоо катары Данияр Амангелдиев 2025-жылы Standard & Poor’s Global Ratings эл аралык рейтинг агенттиги КРнын  суверендүү кредиттик рейтингин B+ деңгээлинде, “Туруктуу” прогноз менен тастыктаганын билдирди. Бул, структуралык реформалардын натыйжаларынын маанилүү тастыктоосу жана эл аралык инвесторлордун ишениминин жогорулашы катары кызмат кылат.

Төраганын биринчи орун басары ошондой эле мамлекеттин салык саясаты максаттуу түрдө инвесторлорду жана бизнес секторун стимулдаштырууга жана колдоого багытталганын белгиледи.

 

13