7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

МинКаб Кыргызстан менен Венгриянын 1 жылдык өнөктөштүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

10

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Венгрияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушуп, кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн ушул жылдагы жыйынтыгын чыгарышып, 2026-жылы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө өз ара умтулуусун билдиришти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү ушул жылы абдан конструктивдүү жана жемиштүү болгонун ырасташты. Октябрь айындагы кыргыз-венгер Стратегиялык кеңешинин жыйынын, ноябрь айындагы экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын белгилешти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жана министр Петер Сийярто Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишине ыраазычылык билдиришип, ал өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай тармактардагы эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун негизги куралдарынын бири болуп саналарын баса белгилешти.

Венгриянын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Фондду 45 миллион АКШ долларына чейин капиталдаштыруу жолу менен Кыргызстанда иштеген венгриялык компанияларды мындан ары да колдоого даяр экендигин билдирди.

Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыктын негизги бөлүгү катары Венгриянын жогорку окуу жайларында “Stipendium Hungaricum” программасы боюнча жыл сайын 200гө чейин кыргызстандык студенттерди кабыл алуу экенин белгилешти. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Европа Биримдигинин алкагында, анын ичинде санкциялык темалар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулоого чоң көңүл бурулду.

Данияр Амангельдиев менен Петер Сийярто Кыргызстан да, Венгрия да Россия-Украина жаңжалын тынчтык жолу менен гана жөнгө салуу зарыл деген жалпы позицияны карманган өлкөлөр экенин белгилешти.

Эки өлкө тең жаңжалды географиялык жактан узартууга же кеңейтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге каршы чыгышат. Бул контекстте тараптар Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер менен санкциялык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

11