7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мирзиёев калкты коронавируска каршы жапырт эмдөөгө буйрук берди

279

Өзбекстан президенти Шавкат Миризиёев 10-февралда өткөн видеоселектордук жыйын учурунда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөөнү баштоону тапшырды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Мирзиёев бир ай аралыгында эмдөөдөн өтө турган калктын электрондук тизмесин түзүүгө буйрук берди. Азырынча Өзбекстанга вакцина кайсы өлкөдөн жана канча даана келери белгисиз.

Коомдук саламаттык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын башчысынын орун басары Ботыр Курбанов коронавируска каршы вакцина быйыл март айында келерин айтты. Биринчи кезекте жашы 85ен жогору, андан кийин 75-84, кийинки этапта 65-75 жаштагылар эмдөөдөн өтүшөт.

Аткаминер 2021-жылдын аягына чейин эмдөө 7 миллион кишиге же калктын 20% жасаларын кошумчалады.

Өзбекстанда учурда кытайлык ZF2001 вакцинасынын клиникалык сыноосунун 3-фазасы өткөрүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

280