7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мирзиёевдин кызы президенттин администрациясын жетектемей болду

404

Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев кызы Саида Мирзиёеваны президенттик администрациянын башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан кабарлады.

Маалыматка ылайык, эки жыл мурда жоюлган президенттик администрация кайрадан түзүлгөн. 40 жаштагы Саида буга чейин президенттин жардамчысы болуп иштеп келген.

Мирзиёева 2006-жылы Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин эл аралык укук факультетин бүтүргөн. 2008-жылы укук, 2010-жылы экономика жана финансы стратегиясы боюнча магистр даражаларын алган. Экономика илимдеринин кандидаты. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеген, ММКны колдоо фондунун жана Маалымат агенттигинин жетекчилик кызматтарында иштеген.

405