7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ: 20:00дөн ок атышуу токтоп, аскерлерди артка кайтаруу макулдашылды

4194

КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев чек-ара чыры боюнча Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддином Мухриддином менен жолугушуп, абалды турукташтыруунун жолдору сүйлөшүлдү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бир нече сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында саат 20: 00дөн баштап толугу менен ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурунку жайгаштырылган жерлерине алып кетүү боюнча келишим кабыл алынды.

Министр Руслан Казакбаев;

«Кыргыз тарап бөтөн аймактарды талап кылбайт жана өз жерин эч ким менен бөлүшүү ниети жок. Чек ара жана экономикалык маселелердин бардыгы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын алкагында жогорку өкүлдөрдүн катышуусунда сүйлөшүү столунда гана чечилет.»,-деп билдирген.

Ал ошону менен бирге эки мамлекеттин ортосундагы, айрыкча чек ара аймагындагы ишенимди бекемдөөнүн, чек ара аймактарындагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуучу чараларды көрүүнүн жана жергиликтүү калк арасындагы чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай иш-аракеттерди токтотуу маанилүү деген оюн билдирген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4195