7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Митинг. Органдарын алмаштырган жарандарга зарыл болгон таблеткалар келбей калган

882

Бүгүн, 25-октябрь ушул учурда органдарын алмаштырган 30га чукул бейтап Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар трансплантацияланган органдардын иштешин колдогон таблеткалар май айынан бери Кыргызстанга алынып келинбей жатканына нааразы болууда.

«Дарылар Түркия жана Европадан алынып келчү. Бирок азыр Орусиядан алып келүү боюнча келишим түзөбүз деп жатышат. Биз Орусия өндүргөн дарыларды алгыбыз келбейт. Анткени анын терс таасири көп жана биздин алмаштырылган органдарга терс таасирин тийгизет. Бул жерде биздин укугубуз бузулуп жатат«, — деди бейтаптардын бири.

Учурда бейтаптарды министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев кабыл алууда. Министрлик тендер улам жылып отуруп, дары алып келүү кечеңдеп жатканын белгиледи.

Өлкөдө трансплантация ишке ашпагандыктан бейтаптар 30-40 миң доллар топтоп, чет өлкөлөргө барып операция жасатууга мажбур болушат.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

883