Кыргызстанда мобилдик телефондорду мыйзамсыз каттагандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Бекитилген идентификациялык жол-жоболорго ылайык, өлкөгө сатуу же башка ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү максатында импорттоодо аппараттардын негизги бөлүгү импортерлор тарабынан катталууга тийиш.
Ошого карабастан, телефондорду бажы жол-жоболорун кыйгап каттоо фактылары, ошондой эле жеке адамдар тарабынан Мамлекеттик идентификациялоо системасынын талаптарын жана иштөө шарттарын бузуу менен мобилдик түзүлүштөрдү баш аламан каттоо схемасы уюштурулуп, кеңири жайыла баштаган.
16-октябрда бул мыйзамсыз иштердин негизги уюштуруучулары катары төрт жаран кармалды. УКМК мобилдик аппараттарды мыйзамсыз каттоо кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.