7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Монголиядагы турнир: Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан командалык эсепте 1-орунду ээледи

521

Кыргызстан Монголиядагы рейтингдик турнирде грек-рим күрөшү боюнча командалык эсепте 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш федерациясынын (United World Wrestling) сайтында жарыяланды.

29-майда Улан-Батор шаарында башталган турнирде 10 салмак категориясы боюнча медаль ойнотулган.

Анда балбандар Үзүр Жузупбеков, Раззак Бейшекеев, Асан Жанышов алтын, Ырыскелди Максатбек уулу, Улан Муратбек уулу күмүш жана Ырыскелди Хамзаев, Акыл Сулайманов, Эрлан Манатбеков коло медаль алышкан.

Машыктыруучу Уран Жусуп уулу жетектеп барган кыргыз балбандары жалпы сегиз медаль: үч алтын, эки күмүш жана үч коло жеңип, командалык эсепте 170 упай менен Түркияны (167) жана Индияны (163) артта калтырып 1-орунга чыгышты.

522