7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москва районунда бейтаанышын сабап, качып кеткен эки жигит кармалды

751

Москва районунда бейбаштыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрда Москва РИИБне 1977-жылы туулган Д.Ч. аттуу жаран аймактык ооруканага дене жаракаттары менен кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн дарекке чыгып, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлгөн соң, жогорудагы факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 280-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Териштирүү учурунда 2021-жылдын 11-ноябрь күнү Москва районунун аймагындагы ишканалардын биринен пикир келишпестиктен улам жабырлануучу бейтааныш балдар тарабынан жаракат алганы маалым болгон.

Чүй облустук ИИББи жана Москва РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 25 жаштагы Р.З. жана К.К. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда окуя тууралуу ар тараптуу териштирүү иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

752