7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада 20 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө аракет кылган мигрант кармалды

4650

Москвада 28 жаштагы Тажикстандын жараны 20 жаштагы орус кызды зордуктап, өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышууда.

Маалыматка ылайык, 20 жаштагы кыз зөөкүрдөн кутулуу үчүн 4-кабаттын балконунан секирип кеткен. Ал эми шектүү анын изине түшүп, кызды элдин көзүнчө бычак менен бир нече ирет сайып жиберген. Күбөлөр дароо милиция кызматкери менен 103 кызматын чакырышып, кызды оор абалда ооруканага жеткиришкен.

“Кыз тазалоо кызматында иштеген. Ал эми тажик жараны аны үйүн жыйнатууга чакырган. Үйүнө барганында байлап алып зордуктап, андан соң өлтүрүүгө аракет кылган. Көп өтпөй шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ал жашаган батирден колу-буту скотч менен байланган 1984-жылкы жана 1999-жылы туулган дагы эки аял киши табылды. Кылмышкерге 3 берене боюнча иш козголуп, учурда тергөө иштери башталды”, — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4651