Москвада кыргызстандык блогерди бөтөлкөгө отургузуп, аёосуз кыйнашкан. Бул тууралуу “360” телеканалы маалымдайт.
ММК маалыматы боюнча, Аббос аттуу кыргызстандык блогер мусулман аялдарынын “ала жипти аттангындыгы” боюнча блог жүргүзүп, алардын өздүгүн аныктап, Youtube каналына жүктөп турган. Москвада ал дал ушул ишмердүүлүгүнүн “үзүрү” менен адамдардан акча опузалап, жан багып жүргөндүгү айтылат маалыматта.
Бирок, АКШда жашаган кыргызстандык Шамшымамад аттуу жарандын аялы тууралуу маалымат чогултуп, аны интернетке коё бергенде ал адам аны Москвада жашаган тааныштары аркылуу таап, кезигүүнү сунуштаган.
Болжолдошкон жерден жаш блогерди белгисиз адамдар уурдап, токойго алып барып бир нече күн бою катуу сабашкан. Аббостун полицияга берген маалыматында алар акырында аны “бөтөлкөгө отургузуп” Youtube каналы аркылуу Шамшымамаддан жана анын аялынан кечирим суратышкан.
Россиялык басылмалардын маалыматы боюнча блогерди сабаган адамдар кармалып, аларга карата “Адам уурдоо” фактысы боюнча кылмыш ишин козголгон. Бирок, кармалгандар Аббос аттуу блогер болгону өзунүн көңүлүнө жакпаган адамдар тууралуу интернетте такталбаган маалымат таратып, ошону менен акча өндүрүп, опузалап жашап жүргөндүктөрүн билдиришкен.