28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого үгүт иштери 29-октябрда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоо өнөктүгү 27-ноябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин уланат.
Эскертке кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде кайрадан иштелип оңдолуп-түзөлгөн мыйзамга ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.