Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки жигит 61 жаштагы таксистке кол салышты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, 29-августта милицияга 61 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал таксист болуп иштегенин жана ошол күнү саат 19.30да машинасына 20-25тер чамасындагы эки жигит отурганын айткан. Алар Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан дачага алып барууну суранышкан.
“Түп районунун Михайловка айылынын түштүк тарабына жеткенде арткы орундукта отурган балдардын бири мойнуна жип салып, муунтуп өлтүрүүгө аракет кылды. Ал эми шериги кабыргага, бөйрөккө ургулап жатты. Бирок мойнумдагы жиптен бошонуп, унаадан сыртка чыгууга үлгүрдүм. Алар дароо салондон чуркап чыгып, көздөн кайым болушту”, — деп жазган ал.
Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси «Каракчылык» боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кол салуудан бир нече саат өткөндөн соң шектүүлөр унаа тосуп Бишкекке кетип бара жатышкан жеринен кармалышкан. Алардын бири 20 жаштагы М.А. борбор калаанын тургуну жана экинчиси Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы А.У. аттуу тургуну экени белгилүү болду. Сурак учурунда алар күнөөлөрүн мойнуна алышты. Соттун чечими менен кармалгандарга карата эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.