Бүгүн, 1-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ырдык айыл аймагындагы Жон-Булак айылында 100 орундуу «Бархат» аталышындагы кийим тигүү фабрикасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземине облус башчысы Мирбек Кожоев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жетекчиси, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким жана айыл тургундары катышты.
«Тигүү цехине Жон-Булак айылындагы А. Курманбеков атындагы орто мектептин эски корпусу бөлүнүп берилген. Облустагы тигүү фабрикаларын ачуу ишин Кыргыз Республикасынын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоевдин демилгеси жана Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен ишке ашууда. Кийим тигүү фабрикаларынын ачылышынын бирден бир максаты элет элин иш менен камсыздоо жана жеңил өнөр-жайды өнүктүрүү болуп саналат. Тигилген кийимдер Кыргызстандын булуң-бурчуна жана чет өлкөлөргө экспорттоло тургандыгын тигүү фабрикасынын жетекчиси айтып өттү«, — деп айтылат билдирүүдө.
«Бархат» тигүү фабрикасына Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 8 миллион сом бөлүнгөн.