7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
36°C

Москвада II Евразиялык экономикалык форуму өттү

171
24-майда, Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйыны өттү.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышуусунда өттү. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин форумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасады.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери иш-чаранын модератору Александр Шохиндин суроолоруна жооп берип жатып, Биримдиктин өнүгүү жана тереңдетүү келечегин, ошондой эле интеграциялык процесстердин актуалдуу маселелерин, атап айтканда санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, экономикалык туруктуулук, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес демилгелерди колдоо боюнча кошумча чараларды белгилешти.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери ошондой эле биринчи ачылышы 2022-жылы Бишкекте өткөн бул Форум жаңы жана жакшы салтка айланып баратканын белгилешти.

II Евразиялык экономикалык форум Россия Федерациясынын 2023-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында өтүп жатат, анын максаты Евразия мейкиндигинде кызматташтык байланыштарын өркүндөтүү болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

172