7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
34°C

23-майга карата 1-класска 68 миңдей бала кабыл алынды

241

2023-жылдын 10-апрелинен 23-майына чейин билим берүү мекемелерине электрондук каттоонун маалыматтык системасы аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына 67 миң 893 бала катталып, анын ичинен 1 миң 287 бала жеңилдетилген тартипте.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2023-2024-окуу жылына карата 2 миң 84 мектепте 185 миң 549 орун каралган.

23-майга карата электрондук каттоо боюнча эң жогорку активдүүлүк – Нарын облусунун Жумгал районунда (балдардын 67%ы катталган), ал эми эң төмөнкү көрсөткүч – Баткен облусунун Сүлүктү шаарында белгиленген (21%). Республика боюнча 999 бала мектепке кабыл алууну күтүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-класстарына электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, биринчи этапта балдар ата-энелери катталган дарекке тийиштүү мектепке катталса (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этапта ата-энелер бош орундары бар каалаган мектепти карабай (26-июндан 31-августка чейин) тандай алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

242