7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинде Москвада кайсы документтерге кол коюлду?

380

Москва шаарында бүгүн, 8-октябрда, Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук тармагындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документке кол коюлду.

Кол коюлган документтердин тизмеси: 

— 2025-жылы Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө; 

— Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө; 

– Күнкорсуз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн элдерине жана дүйнөлүк коомчулукка совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишинин 80 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу жөнүндө; 

— Күнкорсуз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын интеграциялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө; 

– 2025-жылы Лачин шаарын (Азербайжан Республикасы), 2026-жылы Мегри шаарын (Армения Республикасы), 2027-жылы Молодечно шаарын (Беларусь Республикасы) Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө; 

— Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттерге жиберилүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө Конвенция тууралуу; 

– 2010-жылдын 10-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө Келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө; 

— Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин 2025-2027-жылдарга дерадикализация жаатында кызматташуу программасы жөнүндө; 

— Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинде 2027-жылды укуктук агартуу жылы деп жарыялоо жөнүндө; 

— Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы абадан коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитеттин Төрагасы жөнүндө; 

— Күнкорсуз з Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Антитеррористтик борборунун Жетекчиси жөнүндө; 

— Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет башчыларынын жарандык багыттагы жасалма интеллект жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү; 

— Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин “Эмгек эрдигинин шаары. 1941–1945” ардак наамы жөнүндө; 

— Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө.

381