Москвада кыргыз жигити өспүрүмдү зордуктоого шектелүүдө. Ал 15 жылга кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кыз менен бала кыз-жигит мамилесинде болушкан. Алардын мамилесине кыздын ата-энеси каршы чыккан. Көп өтпөй өспүрүм кыздын ата-энеси сотко арыз менен кайрылышкан. Жигитке карата 2021-жылдын апрель айында «Сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасоого мажбурлоо» жана «Жеке кол тийбестикти бузуу» беренеси боюнча иш козголгон.
Уран Матиев 2020-жылы Алёна (аты өзгөртүлдү) аттуу 16 жаштагы кыз менен Инстаграм баракчасынан таанышкан. Алардын социалдык тармактагы кат жазышуусу кийинчерээк жолугушуу мамилесине өткөн. Бирок кыздын ата-энеси алардын мамилесине каршы болушкан жана сотко зордуктады деген арыз менен кайрылышкан. Тергөө учурунда жигиттин эжеси анын күнөөсүз экенин далилдеш үчүн кыз менен баланын жазышканын далил катары көрсөткөн. Ошондой эле жигитке интимдик сүрөттөрдү кыз өзү жөнөткөнү маалым болгон.
«Мен баарын кандай болсо, ошондой айттым. Мен күнөөсүз экениме ишенем. Ал эми Алёна аракты көп иччү. Мен аны ичимдиктен куткарууга көп аракет кылдым. Кийин ага жылдызыбыз келишпестигин айттым. Бирок Алёна менден экинчи мүмкүнчүлүк берүүнү суранып, менсиз жашай албастыгын айтты. Ал ата-энесине нааразы болчу», — деп айткан Уран Матиев.
Ал эми жигиттин эжеси Уран туура жолдо жүргөндөрдөн экенин белгилеген.
«Уран 12, мен 14 жаш кезимде апамдан ажырадык. Ал 23 жашында курулушта иштеп, жеке ишкерлик менен алектенип жаткан. Ал ичимдик ичкендерден эмес эле жана биздин үй-бүлөнүн тиреги болчу. Уран кызга эч кандай жамандык кылган эмес, тескерисинге ага жардам берүүгө аракет кылган», — деген ал.
Ал эми Алёна жигитке карата эч кандай дооматы жок экенин айткан.