7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада мигранттар «Амина» тиркемеси аркылуу каттоого тура алышат

300

Москвада 1-сентябрдан тарта мигранттар үчүн “Амина” тиркемеси ишке кирет. Бул тууралуу ТИМден билдирди.

Тиркеме азыркы тапта колдонулуп жаткан миграциялык каттоо тартибинин ордун басат. Аны калаага иштегени келген ар бир чет элдик жаран милдеттүү түрдө мобилдик аппаратына орнотушу керек.

“Мигранттар “Амина” аркылуу Москва шаарынын Миграциялык борборунун Сахарово дареги боюнча каттоого туруп, туруктуу жашаган жери жөнүндө ички иштер органдарына аралыктан маалымдоого мүмкүнчүлүк алат. Жашаган жери өзгөргөн учурда чет элдик жаран тиркеменин интерфейси аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү”, — деди ТИМ.

Бул тиркемени мигранттар RuStore дүкөнүнөн өз алдынча орното алышат. Колдонмого катталуу үчүн чет элдик жарандын жарактуу картасы талап кылынат.

Эгер тиркеме бир нече күн бою маалымат жөнөтпөй калса, мигранттын жашаган жерин тастыктоо тууралуу Россиянын ИИМине кабарлоо зарылдыгы жөнүндө эскертүү келет. Үч күндөн ашык убакыт ичинде абоненттин геолокациясы тууралуу маалымат болбосо, мигрант Сахароводогу дареги боюнча каттоодон чыгарылат.

301