7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада мушташка катышкан 4 кыргызстандык 15 күнгө камакка алынды

788

Кечээ, 16-августта Москвада коомдук тартипти бузгандыгы үчүн кармалган төрт кыргыз жараны 15 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, укук коргоочу Валентина Чупик “Царицыно” аймагында 30 кыргызстандыктын кармалышы боюнча маалымат берген. Ал эми райондук милиция бөлүмүнө КРнын алты жараны алынып келинген. Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери укуктук жардам көрсөтүү үчүн “Царицыно” ички иштер башкармалыгына эки ирет барган.

Алардын экөө 500 рубль  өлчөмүндө административдик айып төлөп, бошотулган. Калган 4 кыргызстандык Россия Федерациясынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин «Майда бейбаштык» беренесинин негизинде 15 күнгө камакка алынган.

Такталгандай, Орто-Азиялык жаш балдар футбол аянтчасында ойноп жатышып, урушуп кетишкен. Алардын мушташып жатышкандыгы тууралуу аянтчага жакын жерде жашаган тургандар милиция кызматкерлерине кабарлашкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

789