7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада өрттөн каза болгон кыргыз кыздардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

1207

Москвада өрттөн каза болгон эки кыргызстандык кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча Россия Федерациясынын Москва облустук Тергөө комитети тарабынан РФ Жазык кодексинин “Этиятсыздыктан улам эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү” беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козголду.

Москва облустук прокуратурасы кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүн көзөмөлгө алды.

“Кыздардын сөөгүн мекенине алып кетүүнү уюштуруу иштери чечилип жатат. Кыздардын ата-энесине каза болгондорду Кыргызстандын аймагына алып кетүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу боюнча кенемте алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тиешелүү сунуштамалар берилди”, — деп маалымдашты элчиликтен.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 22-майда Россия Федерациясынын Москва облусунун Мытищи шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен кыргызстандык 2 кыз каза болгону маалымдалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1208