7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«МПЦ» жабык акционердик коомунун мурдагы төрагасы кармалды

316

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунда өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акцияларынын 46,7% Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына таандык жана мамлекеттин менчиги болуп саналган «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын жетекчилиги жеке кызыкчылыкты көздөө жана жеке баюу максатында жогорулатылган баалар боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштурган.

Тактап айтканда, 2021-жылдын декабрь айында «МПЦ» ЖАК жетекчилиги имаратты 106 000 000 сомго сатуу боюнча келишим түзгөн. Ошол эле учурда бул имарат техникалык жана квалификациялык талаптарга ылайык, «МПЦ» ЖАКтын муктаждыктарына жооп берген эмес жана тийиштүү түрдө пайдаланууга жараксыз болгон.

«Банктар аралык процессинг борбору» Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пункту ЖАК кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча өзгөчө оор кылмыш жасоо менен кылмыш иши козголду. 2022-жылдын октябрь айында козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, жогоруда аталган мүлктүн базар баасы 48 184 512 сомду түзгөн. Ошентип, ашыкча баалоонун жана мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 57 815 488 сомду түздү. 8-ноябрь күнү кылмышка шектүү катары «МПЦ» ЖАКтын башкармалыгынын мурдагы төрагасы 1977-жылы туулган А.У.С. кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп берилет маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

317