Ырчы Толгонай Арзыкеева апасы менен Дубайда эс алууда. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүп, Дубай шаарынын кооздугуна суктанып бүтпөй жатканын билдирген.
«Менин Дубайга болгон алгачкы сапарым. Бул жер мени суктандырды. Бул жактагы имараттардын бийиктиги, дүкөндөрдүн чоңдугу, ресторандар андан сонун, айтор бийиктик үчүн кандайдыр бир мелдеш жүрүп жаткандай. Таң калыш үчүн бул өлкөдөн кийин кайсы өлкөгө барарымды билбейм»,-деген ал.