7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кан кетип… Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болду

395

Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 9-ноябрь күнү «Күз-2022» чакырылышынын мөөнөттүү аскер кызматкери А.Т.у. эртең менен саат 05:45те аскер бөлүктүн медициналык пунктуна дене табынын көтөрүлүп жана тамагынын ооругандыгын айтып кайрылган.

Аскер кызматкеринин ден-соолугун көзөмөлдөө максатында аскер бөлүктүн медициналык пунктуна жаткырылган. Саат 15:00 чамасында аскердин ден-соолук абалы кескин начарлап, анын алдында ооз көңдөйүнөн бир ашказан кан кеткен.

Ага дароо тез жардам бригадасы чакырылып, алар келген маалда аскер кызматкеринин каза болгонун аныкташкан.

«Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуянын себептерин жана жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери башталды. Аскер кызматкердин өлүмүн объективдүү иликтөө үчүн аскер кызматкердин сөөгүнө экспертиза жүргүзүлүп, ага КРнын Аскердик прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты. Экспертизанын жыйынтыгын алуу үчүн Бишкек шаарына жөнөтүлгөн»,-деп берилет маалымат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

396