7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муфтий Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган менен жолукту

189

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) жаңы шайланган муфтийи Абдулазиз Закиров Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган менен жолукту.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, боордоштук мамилени күчтөндүрүү жана диний билим берүү тармагындагы иш-аракеттер боюнча пикир алышты.

«Биз эзелтеден бир тууган элбиз. Түркиянын өлкөбүздөгү дин маданиятын көтөрүүдө ролу зор. Анткени тарыхыбыз да, тамырыбыз да, тагдырыбыз да бир. Кан жагынан гана эмес дин жагынан да бир тууганбыз. Түрк эли да, биздин эл да акыйдада матуридиликти, шариятта ханафиликти карманабыз. Бүгүнкү күндө Түркияда жогорку диний билим алып кайткан азаматтарыбыз эч бир кыйынчылыксыз, тоскоолдуксуз, көйгөйсүз коомчулук менен мамыр-жумур аралашып, диний жаатта үзүрлүү эмгектенип жатышат. Анткени биздин нарк-насил менен түрк элинин үрп-адаты анчалык деле айырмаланбайт», — деди муфтий.

Ал эми Ахмет Садык Доган муфтийди кызмат орду менен куттуктап, «Биз мында жеке өзүбүздүн гана эмес, Түркия мамлекетинин атынан куттуктоо үчүн келип олтурабыз. Сиз айткандай, биздин байланышыбыз абдан терең. Түркия өлкөсү Кыргыз мамлекети эгемендикти алганда эң алгачкылардан болуп бир тууган Кыргызстандын эгемендигин тааныган өлкөлөрдүн бири. Буюрса, бул байланыш үзгүлтүккө учурабай, жакшы деңгээлге өсөт деп ишенебиз. Алдыда биртоп жакшы иштер, өзгөчө Түркия муфтияты менен Кыргызстан муфтиятынын ортосунда кызматташтык пландары бар. Жогоруда өзүңүз белгилегендей, биз менен сиздердин динибиз, акыйда-шариятыбыз окшош. Анткени түрк эли бул чөлкөмдөгү ислам дүйнө таанымын Анатолияга алып кетип, бүгүнкү күнгө чейин мыкты деңгээлде коргоп келет. Эми ошол Мавераннахр ислам дүйнө таанымын чогуу өркүндөтүп, ишеним негиздери бузулган ар кандай салттуу эмес агымдардан чогуу коргошубуз керек», — деди.

Ахмет Садык Доган жакынкы аралыкта элчилик тарабынан аткарыла турган айрым иш-пландарды, куттуу Рамазан айындагы иш-чаралар жана ооз ачар дасторкондору боюнча учкай кеп кылды.

190