Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев таштандыга ташталган ымыркайлар боюнча пикирин билдирди.
«Акыркы күндөрү адамдын денесин титиреткен, барыбызды кайгыга салган окуя болуп жатат. Үч ымыркай таштандыдан табылды. Эсибизге келели! Айбан болсо да өзүнүн баласын коргойт. Тоок да жумуркасы үчүн жанын берет. Кандай адам өзүнөн жаралган наристени таштандыга таштайт? Мунун кесепети аларга гана эмес, баарыбызга тиет. Ата-энелер, балдарга аяр мамиле кылалы. Окутабыз деп шаарга жөнөтүп ийип, карабай коюп жатышат. Кесепети ушул болуп жатат. Бактылуу үй-бүлөдө баланы алып келип, таштап койбойт. Бул туура эмес жолдор менен баланы төрөп койгон же башка себептер бар. Болбосо кайсы эне баласын таштайт?»,- деди муфтий.