7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл өкүлү Жапаровдун отчётуна ынанганын билдирди

290

Акылбек Үсөнбекович сиздин азыркы берген отчёт ынандырды. Жакшы отчёт болду. Бул тууралуу жыйында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

«Эл дагы мындай отчётту көргөндө, биз мамлекетибиз бар экен, күчтүү мамлекет болот экенбиз деп калат деп ойлойм. Бул отчетунуз ынандырды. Сөзүңүздүн аягында жаңы от алган машина деп айтып кетпедиңизби? Анан ой кетет да кээде, мурда эле 30 жыл мурда от алдырып койсоңуздар эмгиче жарым жолго жетип калат беле деген… Эми мындай жүрүштөр менен кете турган болсок, келечек дагы тумандабай чоң үмүттөрдү арттырат деп ишенебиз. Мына Нарынга 852 млн 736 миң сом бөлүнүп, анын 633 млну 2023-жылы каржыланды. Бул жакшы көрүнүш болду. 2024-жылга 8 млрд 713 млн 450 миң сом 172 обьект сунушталып жатат, кудай буюрса бул да бүтүп калса жакшы иш болот»,- деди депутат.

291