Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы быйыл Орозо айт майрамын 13-майга белгиледи. Бул тууралуу Муфтияттын сайтына жарыяланды.
Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.
Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваттары болсун) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла”, — деп буйруган. (Муслим, 1081).