Жыл башынан бери салыкчылардын үстүнөн 100 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Мамлекеттик салык кызматына КР мыйзамына ылайык арыздарды карап чыгып 32кызматкерин жоопко тартуу чечимин чыгарган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 3 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 20 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 77 – ар түрдүү маселелер боюнча болгон.
Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 7 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 12 – тастыкталды, дагы 1 кайрылуу – кароо стадиясында турат.
Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 32 кызматкер жоопко тартылды, анын ичинен 2 – ээлеген кызматынан төмөндөтүлдү, 17 катуу эскертүү алды, 7 кызматкерге сөгүш жана 1 кызматкерге ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды, 5 кызматкер ротацияланды.
Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамын бузууларга карата 3 билдирүү боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө бардык фактылар тастыкталган эмес.