7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муфтият матчество тууралуу билдирүү таратты

893

Муфтият матчество тууралуу билдирүү таратты.

  • Ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланын ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми текти атага таандык кылуу муктаждыгы өтө зарыл. Ошондуктан ислам дини баланын тегин атага таандык кылат
  • Тектүүлүк адамзатты жакын туугандар менен билбестен үйлөнүп, улуттун генефондуна зыян келүүсүнөн, үй-бүлөдө майып балдардын төрөлүүсүнөн сактайт. Динибиз ушул себептен баланын атасы белгилүү болуусун жактайт
  • Улуттук каада-салтыбызда жети атасын билүү деген алтын эреже бар. Бул принцип аркылуу бала өзүнүн тегин таанып билет
  • Бул өз кезегинде энени басынтуу деген маселе эмес! Динибизде аялзатынын даражасы канчалык бийик экендиги айдан ачык
  • Матчествого өтүү баланын психологиялык жаракат алышына, коом тарабынан басмырланышына алып келет. Мындай шойкомдуу аракеттер улут тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн.

Эскерте кетсек, буга чейин, өлкөдө 16 жашка толгон жаранга апасынын ысымын алууга уруксат берилгенин жарандык активист Алтын Капалова соц.тармактагы баракчасына жазып чыккан. Ал эми Конституциялык сот түшүндүрмө берип, Алтын Капалованын өтүнүчү канааттандырылбаганын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

894