Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Рамазан айындагы фитир-садака берүүнүн өлчөмүн аныктады.
«Бааларды туруксуздугуна байланыштуу фитир-садака берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз»,- дейт муфтият.
Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры.
Бүгүнкү базар баасы менен салыштырып эсептеп көрсөк фитир-садаканын орточо баасы 40 сомдон 640 сомго чейин туура келүүдө.
Эмне себептен орозо фитир берилет?
Орозону жаап-ачканга чейин адамдар көзү менен жаман нерсени көрөт. Пендечилик кылып бирөөнүн көңүлүн оорутуп коет. Буту менен жаман жакка басышы мүмкүн. Орозодо фитир-садака кемчиликтер болсо, ошолорго кафарат (жазана) катары берилет.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Орозо айы 13-апрелде башталат.
Фитир-садакадан түшкөн жалпы каражаттын 40%ы мусулмандар казынасына түшөт. Ал өлкө боюнча жакыр жашагандарга, медреседе тарбиялануучуларга таратылат.
Ал эми калган 60%ы жергиликтүү казыятында калып, шаардагы жетим-жесир, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратылат.