7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мугалимдерге ноутбуктар 20-январдан тартып бериле баштайт

233

Мугалимдерге ноутбуктар 20-январдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Министрдин орун басары Лира Самыкбаева бүгүн Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барып, мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду.

Технопарктын директору Касымбек Келебаев министрдин орун басарын иштин жүрүшү менен тааныштырып жатып, эки күндө 300дөй ноутбукту чогултуп, сыноо тестине коюшканын билдирди.

“Чогултулган ноутбуктар сыноо тестинде 5 сааттан кем эмес убакыт турду, биз бул ноутбуктарды министрликке өткөрүп берүү үчүн бардык тиешелүү документтерди даярдап койдук”, – деди ал.

Өз кезегинде Лира Самыкбаева Технопаркта чогултулуп жаткан 3 400 даана ноутбук ушул жылдын 20-январынан тартып STEM (химия, физика, биология, география) мугалимдерине бериле баштай турганын айтты.

Алтын Казык” программасынын алкагында ар бир мугалим акысыз ноутбук менен камсыздалат. Учурда бул ноутбуктарга “Санарип кампа”, «Электрондук күндөлүк” тиркемелери киргизилип жатат. Мугалимдер бардык отчётторду электрондук түрдө тапшырууга бара жатышат. Ал үчүн ар бир мугалимдин жеке ноутбугу болушу керек”, – деп кошумчалады министрдин орун басары.

234