7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тарткан сүрөтчү авто кырсыктан каза болду

1634

Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын автору, сүрөтчү Ларс Вилкс  Швецияда жол кырсыгынан каза болду. Вилкс менен кошо анын коопсуздугун караган эки полиция да мүрт кеткен.  Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Авария Маркарид шаарына жакын жердеги Е4 жолунда болгон. Сүрөтчү колдонгон автомобиль жүк ташуучу унааны келип сүзүп, жыйынтыгында эки унаа тең күйүп кеткен. Жергиликтүү полиция башчысы бул атайын уюштурулган автокырсык болушу мүмкүн деген күмөндү четке какты.

«Эгер бул атайын уюштурулган кырсык болсо, анда иликтөө башка нукта жүрмөк. Бирок сүрөтчү менен кошо аны коргоп жүргөн эки полиция кызматкери да набыт болгондуктан, бул ишти атайын тергөө органына тапшырабыз», — деп билдирген.

Ларс Вилкс 2007-жылы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тартып, Nerikes Allehanda аттуу швед гезити жарыялаган. Бул окуядан соң Вилкске карата мусулман дүйнөсүнүн сыны күчөп, ал эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган. Ошондой эле ага коркутуулар башталган соң, Вилкстин коопсуздугун эки полиция кызматкери камсыздап келген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1635