Чүй облусунун Виноградный айылында мурдагы шарап чыгаруучу заводдун аймагында, азыркы учурда парк катары колдонулуп жаткан цехтин ичинде 150 чарчы метр таштанды жана мазут күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 36 жаштагы К.З. аттуу жаран жеңил жаракат алып, 18 жаштагы К.У. аттуу адам 3-даражадагы күйүк алган.
Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.