Медколледждин 3 студент кызын кыйнап өлтүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 30-сентябрь күнү жергиликтүү медколледжде окуган 18 жаштагы Адиля Каримованын, 19 жаштагы Зульфия Санкинанын жана 17 жаштагы Айгиза Үмөткулованын жансыз денелери табылган. Ага шектүү катары буга чейин адам өлтүрүү фактысы менен 9 жылга отуруп чыккан 29 жаштагы Александр Лазарев Орсктан унаа уурдоого аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Ал Гайдан качып кетүүнү көздөгөн.
Шектүү Александр Лазарев 3 кызды бычактап өлтүрүп, батирди өрттөөгө аракет кылган.